
"Чоң-Кемин" мамлекеттик жаратылыш паркында жапайы жаныбарларды көзөмөлдөө жана экосистеманын табигый тең салмактуулугун сактоо боюнча үзгүлтүксүз иштер жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу парктын директору Адилбек Касмалиев билдирди.
Анын айтымында, парк аймагындагы жапайы жаныбарларга байкоо жүргүзүү үчүн атайын фотокапкандар орнотулган. Алар жаныбарлар көп жүргөн аймактарга жайгаштырылып, алардын саны, жүрүм-туруму жана жашоо чөйрөсү тууралуу маалыматтарды чогултууга жардам берет.
Паркта марал, элик, жапайы каман, тоо текеси, ошондой эле сейрек кездешүүчү ак илбирс, күрөң аюу жана ар кыл куштардын түрлөрү байырлайт.
Мындан сырткары, кыш мезгилинде жапайы жаныбарларды колдоо максатында биотехникалык иш-чаралар уюштурулат. Алдын ала тоют даярдалып, кар калың түшкөн учурларда жаныбарларга кошумча азык берилет. Ошондой эле парктын кызматкерлери күн сайын өздөрүнө бекитилген тилкелерди кыдырып, жаныбарлардын абалы жана аймактагы өзгөрүүлөр боюнча байкоолорду каттап турушат.
Парктын жетекчилиги белгилегендей, мындай комплекстүү иш-чаралар жапайы жаратылышты коргоого, биоартүрдүүлүктү сактоого жана "Чоң-Кемин" мамлекеттик жаратылыш паркынын экосистемасынын туруктуу өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.



