
аласта сууга аккан өспүрүмдү 400дөй адам издеп жатат. Бул туурасында ӨКМден билдиришти.
Талас дарыясына агып кеткен 15 жаштагы баланы издөө иштери бүгүн таңкы саат 05:00дө кайра жанданды.
Издөө иштерине президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабеков, ӨКМдин Талас облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу Нурлис Төрөкулов жана Талас районунун акими Байышбек Астанакунов да катышууда.
Мындан тышкары, издөө иштерине ӨКМдин Талас шаардык, Талас, Бакай-Ата, Айтматов жана Манас райондук бөлүмдөрүнүн куткаруучулары, жергиликтүү тургундар жана ыктыярчылар тартылган.
Эске салсак, 15 жаштагы өспүрүм 23-июнда Талас дарыясына агып кеткен. Ошондон бери жүргүзүлүп жаткан издөө иштерине карабастан, ал азыркыга чейин табыла элек.