
56 жаштагы саясатчы жана коомдук ишмер Нурлан Мотуев "Жоомарт" элдик-патриоттук кыймылын жетектеп келген.
Ал коомдук-саясий маселелер боюнча курч билдирүүлөрү менен белгилүү болуп, акыркы жылдары социалдык тармактарда активдүү болуп, өлкөдөгү окуяларга карата пикирин үзгүлтүксүз жарыялап турган.
Нурлан Мотуев 2005-жылдагы март окуясынан кийин коомчулукка кеңири таанылып, көмүр кендериндеги талаш-тартыштарга байланыштуу көп жолу маалымат каражаттарынын көңүл чордонунда болгон. Ар кайсы жылдары бир катар кылмыш иштери боюнча жоопко тартылып, абакта да отурган.
Жакындарынын айтымында, акыркы жумаларда ооруп жүргөн. Учурда анын каза болгонунун бардык жагдайлары такталууда.



