
«Газпром Кыргызстан» ЖЧКсы 1-июлдан тартып дебитордук карызы бар абоненттерге жаратылыш газын берүүнү токтотот.
Газ менен үзгүлтүксүз камсыздоонун маанилүүлүгүн эске алуу менен
компания күз-кыш мезгилинде карызы бар абоненттердин газын өчүрбөйт.
Газ берүү жай мезгилинде гана токтотулуп, ошол эле учурда абоненттерге
карыздарын төлөп бүтүрүүгө жетиштүү убакыт берилет.
Карыздын суммасын «Газпром Кыргызстан» компаниясынын мобилдик
тиркемесиндеги жана расмий сайтындагы жеке кабинет аркылуу, төлөм
дүмүрчөгүнөн, ошондой эле «Мой дом» кызматы аркылуу тактоого болот.
Төлөмдөрдү компаниянын мобилдик тиркемеси, «Мой дом» кызматы,
мобилдик капчыктар жана төлөм терминалдары аркылуу жүргүзүүгө мүмкүн.
Төлөнбөгөн карызга байланыштуу газ берүү токтотулган учурда абоненттер
аны кайра калыбына келтире алышат. Бул үчүн алгач карыз толугу менен
төлөнүшү керек. Андан кийин жеке кабинет аркылуу же кардарларды тейлөө
кеңсесине кайрылып тиешелүү арыз берүү зарыл. Газды кайра туташтыруу
боюнча арыз бергенде арыз ээсинин паспорту талап кылынат.
Газды кайра туташтыруу кызматынын баасы 1270 сомду түзөт. Төлөмдү
BAKAI жана MBank мобилдик банкинг кызматтары аркылуу же кардарларды
тейлөө боюнча жакынкы кеңседе жүргүзүүгө болот. Газ берүү арыз кабыл
алынган күндөн тартып үч иш күндүн ичинде берилет.



