
Кегети капчыгайында дарыяга агып кеткен баланын сөөгү табылганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Эске салсак, кырсык жеңил унаа капчыгайдагы жардан кулап кеткенден кийин болгон. Унаадагы адамдардын айрымдары агын сууга түшүп кеткен.
Буга чейин, кырсыктан үч күн өткөн соң, 12 жаштагы кыздын сөөгү табылган болчу. Бүгүн куткаруучулар издөө иштеринин жүрүшүндө дагы бир баланын сөөгүн табышты.
Окуянын бардык жагдайлары тиешелүү кызматтар тарабынан такталууда.



