
Бишкек шаарындагы Ала-Тоо аянтында маданий-концерттик иш-чаралар уланууда.
Муниципалитеттин маалыматына ылайык, 26-июнда саат 19:00дө борбордук аянтта "Семетей" ыр жана бий ансамбли менен "Акак" комузчулар ансамблинин концерти өтөт. Көрүүчүлөргө элдик күүлөр, комузчулардын виртуоздук аткаруулары, вокалдык чыгармалар жана кыргыз элинин бай маданиятын чагылдырган улуттук бийлер сунушталат.
Ал эми 27-июнда саат 19:00дө концерттик программаны "Доор" жана "Кыргыз Руху" фольклордук ансамблдери улантат.
Иш-чаранын алкагында келген коноктор кыргыз элинин руханий мурасын даңазалаган салттуу чыгармаларга, ошондой эле элдик чыгармачылыктын заманбап үлгүлөрүнө күбө боло алышат.