
Бишкек шаарындагы Жеңиш аянтында жайгашкан автоунаа токтотуучу жайда сааттык төлөм системасы пилоттук режимде ишке кирди. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Маалыматка ылайык, автотоктотмо 95 унаага ылайыкталган жана сутка бою иштейт. Айдоочулар үчүн алгачкы 15 мүнөт акысыз болсо, биринчи эки саат үчүн 50 сом төлөнөт. Андан кийинки ар бир сааттын акысы 10 сомду түзөт.
Шаар бийлиги белгилегендей, сыноо мөөнөтүнүн жыйынтыгына жараша мындай система борбор калаадагы башка автоунаа токтотуучу жайларга да этап-этабы менен киргизилет.



