
20-июнда ал кызмат өтөп жаткан учурда көлгө чөгүп бара жаткан 9 жаштагы баланы суудан чыгарып, ага дароо биринчи медициналык жардам көрсөтүп, жасалма дем алдыруу аркылуу өмүрүн сактап калган.
Ал эми 24-июнда кызматтан сырткары убакта көл жээгинде эс алып жүргөндө дем алуусу токтоп калган 18 жаштагы жигитке жардам берип, өз убагындагы аракетинин аркасында аны ажалдан алып калган.



