
Майлуу-Суу шаарынын 8-классынын окуучусу Мээрим Турдумахаматова август айында Россиянын атомдук муз жаргычынын катышуусунда уюштурулуучу эл аралык экспедицияга кошулуп, Түндүк уюлга сапар алат.
Маалыматка ылайык, кыргызстандык окуучу "Росатом" мамлекеттик корпорациясынын "Билимдин муз жаргычы" аттуу эл аралык илимий-билим берүү долбоорунун алкагында өткөрүлгөн сынакка катышып, 827 талапкердин арасынан жеңүүчү деп табылган.
Долбоор жаштардын илимий дүйнө таанымын кеңейтүүгө, Арктиканы изилдөөгө кызыгууну арттырууга жана эл аралык билим берүү кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган.



