
Алайдагы сел: Чыйырчык өтмөгүндө 6 адам каза болуп, алардын төртөө бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болгон
Ош облусунун Алай районундагы Чыйырчык өтмөгүнө кире бериш жерде жүргөн селден 6 адам каза болду. Кырсык 24-июнда саат 17:00дөр чамасында катталган.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, каза болгондор Mazda Demio үлгүсүндөгү автоунаада бара жатышкан. Күчтүү сел агымы унааны агызып кетип, анын кесепетинен алты адамдын өмүрү кыйылган.
Маалым болгондой, каза болгондордун төртөө бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болгон. Окуя болгон жерде куткаруучулар жана тиешелүү кызматтар иш алып барып, кырсыктын жагдайларын тактоодо.
Учурда селдин кесепеттери жана каза болгондор тууралуу кошумча маалыматтар такталууда.



