
Кыргызстанда кытайлык ири өнөр жай корпорациясы — Sinopec компаниясынын катышуусунда мунай-газ тармагындагы ишканаларды куруу мүмкүнчүлүгү каралууда.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Кытайдын Үрүмчү шаарындагы иш сапарынын алкагында Sinopec корпорациясынын жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү.
Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө мунай жана газ тармагында биргелешкен өндүрүштүк жана кайра иштетүүчү ишканаларды түзүү, ошондой эле кайра жаралуучу энергия булактары боюнча долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.
Мындан тышкары, Акунбеков бир катар кытайлык компаниялардын өкүлдөрү менен да жолугушту. Анда Кыргызстанда минералдык жер семирткичтерди, анын ичинде карбамид жана азоттук жер семирткичтерди өндүрүүчү завод куруу боюнча инвестициялык долбоор сунушталганы маалым болду.
Тараптар кызматташтыкты кеңейтүү жана биргелешкен өнөр жай долбоорлорун ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.



