
Кыргызстанда АИ-95 жана АИ-98 үлгүсүндөгү бензиндин тартыштыгы жаралууда. Бул тууралуу Мунай ташуучулар ассоциациясынын президенти Канатбек Эшатов билдирди.
Анын айтымында, абалдын курчушуна Россиядагы бир катар мунай иштетүүчү заводдорго жасалган дрон чабуулдары себеп болгон.
«Учурда мунай ташуучу компаниялар Россиянын заводдорунан АИ-95 бензинин жеткирүү маселесин чечүү үстүндө иштеп жатышат. Бирок бул маркадагы күйүүчү майга болгон суроо-талап салыштырмалуу төмөн. Өлкөдө негизинен АИ-92 бензини колдонулат. АИ-92 жана дизель майы боюнча эч кандай көйгөй жок», — деди Эшатов.
Буга чейин социалдык тармактарда айрым май куюучу бекеттерде АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин жок болуп жатканы тууралуу маалыматтар тараган.