
Социалдык тармактарда Кара-Балта шаарында белгисиз эркек кишинин аялга күч колдонуп жаткан видеосу тарады.
Кадрлардан жолдун ортосунда эркек киши аялды сабап, тепкилеп жатканын көрүүгө болот. Окуяга күбө болгон жарандар арачы түшүп, аялды анын колунан алып калышкан.
Бул факты боюнча милиция тарабынан текшерүү иштери башталды. Учурда видеодо тартылган эркек менен аялдын өздүгү такталып, окуянын бардык жагдайлары иликтенүүдө.
Текшерүүнүн жыйынтыгында тиешелүү укуктук баа берилери маалымдалды.