
Бишкек шаарындагы гараждардын биринен саз кундуздун күчүгү табылып, адистерге өткөрүлүп берилди.
Маалыматка ылайык, жаныбар реабилитациялык борборго жеткирилип, учурда анын абалы көзөмөлгө алынган.
«Бугу Эне» фондунан билдиришкендей, табылган күчүк — кургакта да, сууда да жашоого жөндөмдүү кемирүүчү саз кундуздун эркеги. Анын жашы болжол менен бир жарым ай.
Адистердин айтымында, күчүк бир аз чоңоюп, өз алдынча жашоого даяр болгондон кийин Каракол шаарындагы зоопаркка жөнөтүлөт.



