
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тармагындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында УКМК Бишкек шаарынын Свердлов районундагы №2 медициналык-социалдык эксперттик комиссиясынын кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерин аныктап, бөгөт койду.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында комиссиянын төрайымы «Ч.Т.И.» жана эксперт-дарыгер «Т.Э.М.» кармалды.
Тергөө маалыматына ылайык, алар жарандардан майыптыкты белгилөө жана анын мөөнөтүн узартуу маселелерин оң чечип берүү үчүн системалуу түрдө акча алып турушкан деп шектелүүдө.
УКМК мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди мыйзам талаптарын так сактоого, коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөөгө жана коррупциялык кылмыштар үчүн жоопкерчилик сөзсүз болорун эске алууга чакырды.



