
Жогорку Кеңеш "Баатыр эне" ордени менен сыйланган энелердин балдары үчүн билим берүү жеңилдиктерин колдоду
Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутаттар "Баатыр эне" ордени менен сыйланган энелердин балдарына мамлекеттик билим берүү тармагында жеңилдиктерди берүү боюнча токтом долбоорун кабыл алышты.
Парламенттин маалыматына ылайык, депутат Медер Чотонов документте аталган энелердин балдары үчүн мамлекеттик билим берүү мекемелеринде окуу акысын 100 пайыздык жеңилдетүү каралганын билдирди.
Мындан тышкары, эл өкүлдөрү "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКсынын директорлор кеңешинин курамына талапкер көрсөтүү тууралуу токтом долбоорун да жактырышты.
Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Алтынбек Кудайбердиевдин айтымында, "Ала-Тоо" депутаттык тобу директорлор кеңешине Абдупата Маткаликовдун талапкерлигин сунуштаган.
Ошондой эле жыйында "Жогорку технологиялар паркынын" Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүн бекитүү боюнча мурда кабыл алынган токтомго өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу документ да кабыл алынды.



