
Жумгалдын тургуну Садыр Жапаров менен жолугушууда соттолгон күйөөсүнө ырайым сурады
Анын айтымында, жолдошу зордуктоо беренеси боюнча 15 жылга соттолгон. Эки баласынын бирөө жана күйөөсүнүн эки бир тууганы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер. Батирде жашашат. Үй-бүлөнүн багуучусу ошол адам болгон.
Аял буга чейин ырайым сурап эч жерге кайрылган эмес. Жапаров тиешелүү комиссияга расмий кайрылууну сунуштады.