
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жүргүзгөн ыкчам-издөө жана атайын операциялык иш-чаралардын натыйжасында афган тектүү баңгизаттарды мыйзамсыз ташуу менен алектенген эл аралык трансулуттук кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.
Атайын кызматтын маалыматына ылайык, кылмыштуу түзүм Ооганстандын аймагынан ири көлөмдөгү баңгизаттарды бир катар мамлекеттер аркылуу транзиттик жол менен Кыргызстандын аймагына жеткирип, андан ары коңшу өлкөлөргө жөнөтүп турган.
Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Кыргызстандын жана чет өлкөлөрдүн жарандары кирген баңгизат тармагынын ишмердүүлүгү документтештирилген. Тергөөнүн версиясы боюнча, шектүүлөр баңгизаттарды ташуу, сактоо жана таратуу иштерин уюштуруп, өлкө аймагындагы транзиттик түйүндүн ишин камсыздап турушкан.
Ыкчам иш-чараларга Кыргызстандын Чек ара кызматынын учкучсуз учуучу аппараттары жана Мамлекеттик бажы кызматынын кинологдору тартылган. Натыйжада баңгизаттарды ташуу маршруттары, кылмыштуу схеманын катышуучуларынын ролдору жана эл аралык логистикалык чынжырдын негизги элементтери аныкталган.
Операциянын жүрүшүндө мыйзамсыз жүгүртүүдөн жалпы салмагы 50 килограмм болгон баңгизат каражаттары алынган.
Бул ишке тиешеси бар деген шек менен Кыргызстандын эки жараны кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Учурда трансулуттук баңгизат тобунун башка мүчөлөрүн аныктоо жана эл аралык маңзат трафигинин калган каналдарын жоюу боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралар уланууда.