
Жарандар үчүн шаар аралык каттамдарга билеттерди онлайн сатып алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Эми жол жүрүүчүлөр билеттерди «Менин шаарым» мобилдик тиркемеси аркылуу алдын ала ала алышат.
Билет сатып алуу үчүн колдонуучу тиркемедеги «Кызматтар» бөлүмүнө кирип, «Билет сатып алуу» кызматын тандашы керек. Андан соң бара турган шаарын, сапар күнүн жана транспорт салонунан өзүнө ылайыктуу орунду тандоо мүмкүнчүлүгү берилет.
Төлөм жүргүзүлгөндөн кийин электрондук билет тиркемеде автоматтык түрдө сакталат. Жүргүнчүлөр аны транспортко отурган учурда көрсөтө алышат.
Жаңы кызмат шаар аралык каттамдарга билет алуу процессин жеңилдетип, жарандардын убактысын үнөмдөөгө багытталган.