
Президент Садыр Жапаров Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) мындан ары кичи шаарлар менен айыл аймактарда турак жай курууга өзгөчө артыкчылык берерин билдирди. Бул тууралуу ал 23-июнда Нарын облусунун Жумгал районунун тургундары менен болгон жолугушууда айтты.
Мамлекет башчынын айтымында, буга чейин турак жайлар негизинен Бишкек, Ош шаарларына жана жети облустун борборлоруна курулуп келген. Эми бул багыт кайра каралып, райондорго жана калктуу конуштарга басым жасалат.
“Шаарларды дээрлик камсыздап бүтүп калдык. Эми айылдарга жана райондорго кирип жатабыз. Антпесе айылдарда кезек күткөндөр көп”, – деди президент.
Мамлекеттик ипотекалык компаниянын маалыматына ылайык, учурда өлкө боюнча 82 миңден ашык батир курулууда. Алардын чарчы метри бюджеттик тармакта иштегендер үчүн орто эсеп менен 900–950 доллардан сунушталууда. Ошондой эле Бишкекте премиум класстагы турак жай долбоорлору да бар.
Бийлик өкүлдөрү билдиргендей, 2026-жылы 20 миңден ашык батир пайдаланууга берилет деп пландалууда. Ал эми акыркы жылдары миңдеген үй-бүлөлөр ипотекалык турак жай менен камсыз болгон.
Расмий маалыматтарга ылайык, учурда МИК программалары боюнча кезекте 73 миңден ашык жаран турат.