
Кыргызстанда 2026-жылдын алгачкы алты айында 240 сел кырсыгы катталып, анын кесепетинен эки адам каза болду. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазарипов билдирди.
Анын айтымында, сел кырсыктары өзгөчө Баткен, Жалал-Абад, Ош жана Талас облустарында олуттуу зыян келтирип, инфратүзүмгө жана аймактардын экономикасына терс таасирин тийгизүүдө.
Эң оор кырсыктардын бири 5-июнда Ысык-Көл облусунда болгон. Анда сел аралаш баткак Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолунун 92-чакырымындагы унааларды басып калып, эки адамдын өмүрүн алган.
Ал эми 22-июнда Баткен районунда жүргөн сел бир нече айылдарды каптап, аймакта өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Президент Садыр Жапаров селдин кесепеттерин жоюу иштерин жеке көзөмөлүнө алганы маалымдалды.
ӨКМ учурда табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу жана калкка жардам көрсөтүү иштерин улантууда.