
Каракол шаарында өткөн концерттик иш-чара учурунда 33 жашы жете элек бала ата-энелеринен адашып калган. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 23-июнда шаардын борбордук аянтында өткөн массалык маданий иш-чара маалында катталган.
Коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздап жаткан милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам издөө иштери жүргүзүлүп, кыска убакыттын ичинде адашып кеткен балдардын баары табылган.