
Германиянын эң эски сыра өндүрүүчүлөрүнүн бири саналган Hofbrauhaus Wolters компаниясы банкроттук тууралуу арыз берди. Бул тууралуу Bild басылмасы маалымдап, маалыматты Известия агенттиги таратты.
Брауншвейг шаарында жайгашкан ишкана 1627-жылдан бери иштеп келген. Ал өлкөдөгү төрт кылымдык тарыхы бар эң байыркы өндүрүш мекемелеринин бири катары белгилүү.
Компаниянын каржылык кыйынчылыктарына сырага болгон суроо-талаптын төмөндөшү жана өндүрүш чыгымдарынын өсүшү себеп болгон. Өзгөчө электр энергиясынын баасынын кымбатташы ишкананын абалын оорлоткону айтылууда.
Тармактык маалыматтарга ылайык, 2025-жылы Германияда сыра керектөө 5,8 пайызга азайып, сатуу көлөмү 6 пайызга төмөндөгөн. Натыйжада рыноктогу жалпы көлөм болжол менен 7,8 миллиард литрди түзгөн.
Адистердин баамында, немистер арасында сергек жашоо образын кармангандардын көбөйүшү, керектөө маданиятынын өзгөрүшү жана калктын картаюусу сыра рыногундагы төмөндөөнүн негизги себептеринин бири болуп саналат.
Германиялык сырачылар союзунун маалыматына ылайык, акыркы алты жыл ичинде өлкөдө 137 сыракана ишин токтоткон. Алардын арасында ири өндүрүш ишканалары да бар.