
«Асман Эйрлайнс» авиакомпаниясы 2026-жылдын 26-июнунан тарта Ош – Тамчы – Ош багыты боюнча үзгүлтүксүз каттамдарды кайрадан ишке киргизет.
Авиакомпаниянын маалыматына ылайык, каттамдар жумасына үч жолу — дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү аткарылат. Учактар күндүн биринчи жарымында уча тургандыктан, жүргүнчүлөр Ысык-Көлдө эс алуу убактысын натыйжалуу пайдалана алышат.
Компания белгилегендей, каттамдардын жанданышы өлкөнүн түштүк аймагында жашаган жарандар үчүн Ысык-Көлгө тез жана ыңгайлуу жетүүгө шарт түзөт. Аба каттамы аркылуу жүргүнчүлөр Тамчы аэропортуна бир сааттын ичинде жетип, узак жол жүрүүдөн кутулушат.
Ош – Тамчы багыты боюнча бир тарапка авиабилеттин баасы 6 миң 500 сомду түзөт. Билеттерди авиакомпаниянын расмий сайты жана мобилдик тиркемеси аркылуу кошумча комиссиясыз сатып алууга болот.
«Асман Эйрлайнс» өлкө аймактарынын ортосундагы аба байланышын өнүктүрүү жана ички туризмди колдоо максатында жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүнү улантарын билдирди.