
Президент эл менен жолугушуп жатканда Чыңгыз аттуу жигит Темирболот Абыкеев Кочкордун акими болуп турганда “Аймактарды өнүктүрүү” жылында бөлүнгөн 20-30 млн сомдун көбүн жеп кеткенин айтты.
“Сиздин кеңешчиңиз Чолпонбек Абыкеевдин иниси. Ага кащей деп ат коюп койгонбуз. Коррупциялык иштерин улам-улам прокуратурага беребиз, акталып чыгып эле башка жерлерге аким болуп барып жатат”, — деди тургун.
Ал бир катар курулуштарды мисал келтирип, учурунда кымбат курулганын айтып, Темирболот Абыкеев Акылбек Жапаровдун агасынын өкүл баласы болгондуктан суудан кургак чыгып кетип жатканын кошумчалады.
Буга Садыр Жапаров Курулуш министрине прокуратура менен биргеликте айтылган дооматтарды текшерүүнү тапшырды.