
1-сентябрдан баштап мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн ай сайын 15 миң сом өлчөмүндө компенсациялык төлөм киргизилет. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди.
Анын айтымында, кызматкерлерге иштин татаалдыгы жана жыйынтыктуулугу үчүн төлөнүүчү кошумча үстөк акылар да көбөйтүлүп, алардын көлөмү 50 пайызга чейин жетет.
Касымалиев мамлекеттик кызматкерлерди социалдык жактан колдоо мамлекеттин негизги артыкчылыктарынын бири экенин белгиледи. Ал 2022-жылдан бери жүргүзүлүп жаткан реформалардын натыйжасында мамлекеттик кызматкерлердин эмгек акысы орточо эсеп менен 110 пайызга, ал эми муниципалдык кызматкерлердики 153 пайызга өскөнүн айтты.
Мындан тышкары, өкмөт кызматкерлерди турак жай менен камсыз кылуу жана алардын кесиптик квалификациясын жогорулатуу боюнча иштерди мындан ары да улантарын белгиледи.