
"Кабар" агенттигине берген комментарийинде Жээнбеков президенттик кызматтан кетүү тууралуу арызды эч кимдин басымы же коркутуусу алдында жазбаганын билдирди.
Анын айтымында, мындай чечим ошол кездеги премьер-министр Садыр Жапаров менен он күнгө созулган сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кабыл алынган.
"Мени эч ким коркуткан эмес. Президенттик кызматымды Садыр Жапаров менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тапшыргам. Аны элдин баары билет", — деген Жээнбеков.
Ал ошондой эле "Жээнбековду Камчыбек Ташиев коркутуп арыз жаздырган" деген сөздөрдү чындыкка дал келбеген, ойдон чыгарылган маалымат деп атады.
Экс-президент акыркы беш жылдан бери комментарий бербей келгенин белгилеп, бул жолу ошол кездеги окуялар бурмаланбашы үчүн пикирин билдирүүнү туура көргөнүн айтты.