
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы журналист Ыдырыс Исаковдун социалдык тармактагы баракчасында жарыяланган видеоматериалда Ош облусунун прокуратура кызматкерлерине карата айтылган маалыматтар чындыкка дал келбей турганын билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, талашка түшкөн маселе Алай районундагы мектепти капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу. Тактап айтканда, «Аалам курулуш» жоопкерчилиги чектелген коому бирдиктүү салыктын төлөөчүсү болуп туруп, аткарылган иштердин наркына мыйзамсыз түрдө кошумча нарк салыгын жана сатуудан алынуучу салыкты кошкон.
Натыйжада компания мамлекеттик бюджеттен негизсиз түрдө 1 миллион 912 миң 69 сом алган. Бул факт Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлигинин расмий корутундусу менен тастыкталганы белгиленди.
Ушундан улам Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгы аталган каражатты мамлекетке кайтаруу боюнча сотко кайрылган. 2026-жылдын 6-апрелинде Ош шаардык соту мамлекеттик органдын доо арызын толугу менен канааттандырган. Учурда иш апелляциялык инстанцияда каралууда.
Башкы прокуратура ошондой эле «Аалам курулуш» компаниясынын жетекчиси Н. Мамбетаипов мурда прокуратура кызматкерлерине карата айткан «опузалоо» боюнча дооматтарына байланыштуу текшерүүгө чакырылганын билдирди. Бирок ал өз билдирүүлөрүн тастыктай турган эч кандай юридикалык же фактылык далилдерди көрсөтө алган эмес.
Мекеменин пикиринде, мындай айыптоолор соттун чечиминен кийин каражаттарды мамлекетке кайтарбоо жана жоопкерчиликтен качуу максатында айтылган болушу мүмкүн.
Прокуратура Ыдырыс Исаков көтөргөн маселе боюнча коомчулукка эки тараптын тең позициясын жеткирүү үчүн аны менен байланышууга аракет кылганын, бирок азырынча байланыш түзүү мүмкүн болбой жатканын маалымдады.
Башкы прокуратура жарандарды жана маалымат таратуучуларды жарыяланган маалыматтардын аныктыгын алдын ала текшерүүгө чакырып, мамлекеттик органдар тууралуу жалган маалыматтарды таратууга жол берилбей турганын белгиледи.



