
Аскар Акаев кайрадан Кыргызстанга келди
Ал президенти эл аралык Ысык-Көл форумуна катышып жатканы айтылды.
Эске салсак, Аскар Акаев 2005-жылдын 24-мартында Кыргызстандагы «Жоогазын революциясынын» жүрүшүндө өлкөдөн чыгып кеткен. Ошол күнү Бишкекте нааразылык акциялары күчөп, демонстранттар Ак үйдү басып алышкан. Мындан кийин Акаев үй-бүлөсү менен алгач Казакстанга, андан соң Орусияга кеткен. Ал расмий түрдө президенттик кызматтан кетүү тууралуу арызга 2005-жылдын 4-апрелинде Москвада кол коюп, Кыргызстандын парламенти анын отставкасын 11-апрелде кабыл алган.