
Кыргызстандын Ички иштер министрлигине караштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) скутер, мопед жана башка эки дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын айдоочуларын жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырды.
Мекемеден билдиришкендей, «Коопсуз өлкө» аппараттык-программалык комплекси сутка бою үзгүлтүксүз иштеп, жол эрежелеринин бузулушун каттап турат.
Система жол кыймылынын эрежелерин бузуу фактыларын аныктоо менен катар, мыйзам бузгандардын өздүгүн тактоого жана аларды мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартууга мүмкүнчүлүк берет.
ЖКККББ акыркы убактарда скутер, мопед жана башка эки дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын айдоочулары тарабынан жол эрежелерин одоно бузуу учурлары көбөйгөнүн белгиледи. Мындай аракеттер көп учурда авариялык кырдаалдарды жаратып, айдоочулардын өздөрүнүн жана жол кыймылынын башка катышуучуларынын өмүрүнө жана коопсуздугуна коркунуч туудурат.
Буга байланыштуу башкармалык эки дөңгөлөктүү транспорт каражаттарын башкарган жарандарды жоопкерчиликтүү болууга жана жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырды.