
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердеги коррупцияга каршы жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында Жалал-Абад облусундагы Т. Тыныбеков атындагы облустук филармонияда мыйзам бузуулар аныкталганын билдирди.
Маалыматка ылайык, филармониянын жооптуу кызмат адамдары мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө мыйзам талаптарын бузган. Текшерүүнүн жыйынтыгында мамлекетке 2 миллион 795 миң 400 сом өлчөмүндө зыян келтирилгени белгилүү болгон.
Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен кылмыш иши козголду.
Тергөө иштеринин алкагында:
филармониянын мурдагы директорунун милдетин аткаруучу Ж.Д.С.;
мурдагы башкы эсепчи М.Д.М.;
товар жеткирүүчү Н.К.А. кармалды.
Алар УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда бул ишке тиешеси болушу мүмкүн болгон башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары улантылып жатканы маалымдалды.



