
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Талас регионалдык башкармалыгы орноткон фотокапкандарга бир катар сейрек кездешүүчү жапайы жаныбарлар түшүп калды.
Көзөмөл камералары тартып алган кадрлардын арасында Кыргызстандын Кызыл китебине кирген ак илбирс, ошондой эле сүлөөсүн, тоо эчкилери, жапайы доңуздар, карышкырлар, улар жана башка тоо жаныбарлары менен канаттуулар бар.
Министрликтин аймактык башкармалыгынын кызматкерлеринин айтымында, фотокапканга түшкөн жаныбарлардын көптүгү жаратылышты коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин натыйжалуулугун көрсөтөт. Алар муну браконьерликке каршы күрөштүн күчөшү, коргоо режимдеринин эффективдүү иштеши жана аймактагы биологиялык ар түрдүүлүктүн сакталышы менен байланыштырышууда.
Адистер белгилегендей, жапайы жаныбарлар өздөрүн коопсуз сезип, табигый чөйрөдө эркин жашап, көбөйүүгө мүмкүнчүлүк алышууда.
Министрлик жаратылышты коргоо, сейрек кездешүүчү жаныбарларды сактоо жана санариптик көзөмөлдү күчөтүү боюнча иштер мындан ары да улантыларын билдирди.







