
Ош шаарындагы Жийделик кварталында имараттарды бузуу учурунда 14 жаштагы кыз урандынын алдында калып калды. Окуя 18-июнда саат 12:30 чамасында аэропортко баруучу жолду кеңейтүү иштери жүрүп жаткан Ош көчөсүндө болгон.
Адвокат Тологон Келдибаевдин айтымында, окуя болгон жерге атайын техника келип, үйлөрдү жана чарбалык курулуштарды бузуу иштерин баштаган. Иш учурунда дубалдардын бири кулап, анын алдында кыз калып калган. Күбөлөрдүн айтымында, кырсык болгон учурда ал уктап жаткан.
Жабыркаган кыз Ош облустук балдар ооруканасына жеткирилип, учурда ага медициналык жардам көрсөтүлүүдө.
Адвокаттын маалыматына караганда, тургундарга бузуу иштери алдын ала эскертилген эмес. Жергиликтүү жашоочулар ошондой эле мүлктөрү азыркыга чейин бааланбаганын жана компенсациянын көлөмү аныктала электигин айтып, нааразычылыктарын билдиришкен.
Өз кезегинде муниципалитеттин өкүлү компенсациялар мыйзамда белгиленген тартипте эсептелип, төлөнөрүн билдирди. Анын айтымында, мүлктү баалоо белгилүү убакытты талап кылат, ал эми жол куруу иштерин кечиктирбей баштоо зарыл.
Ошондой эле турак үйдүн 70 пайыздан ашыгы бузулган учурда мамлекеттик органдар үй ээлерин убактылуу турак жай менен ыкчам камсыздоого даяр экени айтылды.
Окуянын бардык жагдайлары такталууда. Макала жарыяланган учурга карата кыздын абалы тууралуу расмий маалымат бериле элек.







