
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев балдарга кош фамилия ыйгарууга уруксат берүүчү мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыкты.
Демилгеге ылайык, ата-энелер баласына атасынын жана апасынын фамилиясын дефис аркылуу бириктирип берүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Фамилиялардын жайгашуу тартибин да ата-энелер өздөрү аныктай алышат.
Мыйзам долбоорунун негиздемесинде Елена Хан менен Титовдордун үй-бүлөсү баласына Титов-Хан деген фамилия берүү өтүнүчү менен кайрылганы айтылат. Бирок азыркы мыйзамдарда мындай мүмкүнчүлүк каралбагандыктан, мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушталууда. Документ кабыл алынса, бала Титов-Хан же Хан-Титов деген фамилия менен каттала алат.
Ошол эле учурда мыйзам долбоорунда үч фамилияны бириктирип берүүгө тыюу салуу сунушталган. Бул фамилиялардын өтө узарып кетишине жол бербөө максатын көздөйт.
Авторлордун айтымында, демилге эки ата-эненин тең фамилиясын сактоого жана үй-бүлөлүк мурасты чагылдырууга шарт түзөт.