
18-июнда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – министр Эрлист Акунбеков Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Кара-Суу районундагы «Отуз-Адыр» субдолбоору аркылуу жаңыланган ичүүчү суу менен камсыздоо тутумунун ачылыш аземине катышты.
Маалыматка ылайык, долбоор Отуз-Адыр жана Савай-Арык айыл аймактарындагы 12 калктуу конушту камтып, 30 миңге жакын жашоочуну сапаттуу ичүүчү суу менен камсыздоого багытталган.
Долбоордун алкагында суу менен камсыздоо инфраструктурасы жаңыланып, Октябрь айылында көлөмү 300 куб метр болгон суу сактагыч курулду. Ошондой эле 11,4 чакырым жаңы суу түтүктөрү тартылып, объекттин санитардык-коргоо аймагы тосулду.
Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Эрлист Акунбеков калкты таза жана сапаттуу ичүүчү суу менен камсыз кылуу мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи. Анын айтымында, жаңы система калкты үзгүлтүксүз суу менен камсыздоого, инфраструктуранын ишенимдүүлүгүн арттырууга жана кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөт.
Мындан тышкары, суу менен камсыздоо системаларын тейлөөнү жакшыртуу максатында жергиликтүү суу чарба ишканасына атайын техникалар — экскаватор жана ассенизатордук унаа тапшырылды. Бул техникалар авариялык кырдаалдарга ыкчам жооп берүүгө жана объектилерди натыйжалуу тейлөөгө жардам берери белгиленди.







