
Илон Маск жеке байлыгы 1 триллион доллардан ашкан дүйнөдөгү алгачкы адам аталды. Бул тууралуу Reuters агенттигине шилтеме берип Казинформ маалымдады.
Маалыматка ылайык, анын байлыгынын кескин өсүшүнө SpaceX компаниясынын ири көлөмдөгү акцияларды жайгаштыруусу түрткү болгон. Компания жүргүзгөн бул келишим технологиялык тармактагы эң ири инвестициялык бүтүмдөрдүн бири болуп, анын алкагында 75 миллиард доллар тартылган.
Forbes басылмасы буга чейин Масктын байлыгын болжол менен 780 миллиард доллар деп баалаган. Бирок SpaceX компаниясынын наркы кайра эсептелип, акцияларынын баасы жогорулагандан кийин ишкердин жалпы капиталы 1,1 триллион доллардан ашканы айтылууда.
Учурда Масктын байлыгынын негизги бөлүгү SpaceX компаниясындагы үлүшүнө туура келет. Анын аталган компаниядагы үлүшүнүн баасы болжол менен 866 миллиард доллар деп бааланууда. Ошондой эле анын активдеринин арасында Tesla компаниясынын акциялары жана башка инвестициялары бар.
Илон Маск 2022-жылы Twitter социалдык тармагын 44 миллиард долларга сатып алгандан кийин коомдук жана саясий чөйрөдөгү таасирин дагы да күчөткөн.
Эксперттер Tesla компаниясынын өнүгүшү дүйнөдө электр унааларынын кеңири жайылышына олуттуу таасир бергенин белгилешет. Азыркы тапта компаниянын рыноктук баасы 1 триллион доллардан жогору бойдон калууда.