
Бишкектеги Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин аймагында уруксат документтери жок жүргүзүлүп жаткан курулуш иштери токтотулду
Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Жал кичи районундагы №30 даректе мамлекеттик курулуш реестрине катталбаган жана тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок жер казуу иштери жүрүп жатканы аныкталган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө бул объект Кыргыз-Түрк "Манас" университетине таандык 1100 орундуу жатакана экени белгилүү болгон.
Натыйжада курулуш иштерин жүргүзүп жаткан "Битрейд Импекс" ЖЧКсына 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынып, мыйзам бузуулар толук жоюлганга чейин курулуш иштери убактылуу токтотулду.
Белгилей кетсек, буга чейин, 5-июнда, "Манас" университети кампустун аймагында 1000 орундуу кыздар жатаканасынын пайдубалы түптөлгөнүн кабарлаган.