
Кызыл-Кыя шаарында окуучу баланын өлүмү менен аяктаган мушташ боюнча үч өспүрүм жана эки милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу жабырлануучу тараптын жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева билдирди.
Анын айтымында, кармалган милиция кызматкерлери кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарган эмес деп шектелүүдө. Жактоочу тартип сакчыларынын окуянын алдын алууга мүмкүнчүлүгү болгонун белгиледи.
Бул маалыматты милиция органдары да ырасташты.
Буга чейин Ички иштер министрлиги аталган факты боюнча кылмыш иши козголгонун билдирген. Ошондой эле иштин алкагында 16 жаштагы өспүрүм убактылуу кармоочу жайга киргизилген.