
Бишкекке караштуу Көк-Жар айылында курулуп жаткан имараттан 49 жаштагы эркек киши кулап каза болду. Бул маалыматты Тез жардам борбору ырастады.
Маалыматка ылайык, окуя 10-июнда кечки саат 20:39 чамасында катталган. Окуя болгон жерге барган дарыгерлер жабырлануучунун каза болуп калганын аныкташкан.
Кырсык Алапаев көчөсүндөгү №4 даректе жайгашкан курулуш объектисинде болгон.
Учурда окуянын бардык жагдайлары такталып жатат.