
Жарманке
2026-жылдын 13-июнунда «Ынтымак-2» паркында Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арналган салттуу кайрымдуулук дипломатиялык жарманке өтөт. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасында аккредитацияланган чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана эл аралык уюмдардын колдоосу менен уюштурулууда.
Жарманкенин коноктору дүйнөнүн ар кандай өлкөлөрүнүн маданияты менен таанышып, улуттук сувенирлерди, кол өнөрчүлүк буюмдарын сатып алып, салттуу тамак-аштардан жана суусундуктардан даам тата алышат.
Товарларды сатуудан түшкөн бардык каражаттар кайрымдуулук максаттарына жумшалат.
Борбор калаанын тургундарын жана конокторун дипломатиялык жарманкеге келип, кайрымдуулук акциясына катышууга чакырабыз.
Өткөрүү убактысы: саат 15:00дөн 19:00гө чейин.
Өткөрүү жери: «Ынтымак-2» паркы.