
Скутер, мопед жана эл арасында "желмаян" деп аталган электр унааларын башкаргандар үчүн талаптар күчөтүлдү.
Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине ЖКККББнын бөлүм башчысы Нурлан Ниязбеков билдирди.
Жаңы талаптарга ылайык, кыймылдаткычы 25 куб сантиметрден жогору болгон бензин менен жүрүүчү мопеддерди жана кубаттуулугу 4 киловаттан ашкан электр скутерлерин айдоо үчүн А1 категориясындагы айдоочулук күбөлүк талап кылынат. Буга чейин мындай талап кыймылдаткычы 50 куб сантиметрден жогору мопеддерге жана кубаттуулугу 11 киловаттан ашкан электр скутерлерине гана тиешелүү болчу.
Мындан тышкары, скутер жана мопед айдоочуларына тротуар менен жүрүүгө тыюу салынды. Бул талапты бузгандарга 5 500 сом өлчөмүндө айып пул каралган.
Эреже бузуу фактыларына күбө болгон жарандар аларды сүрөткө же видеого тартып, 0777 102 102 WhatsApp номерине жөнөтө алышат.