
Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалын Нью-Йоркто 50 миңден ашуун күйөрман чогуу көрөт.
АКШнын Нью-Йорк шаарындагы белгилүү Central Park паркында 2026-жылкы футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалын түз алып көрсөтүү үчүн ири фан-зона уюштурулат.
Уюштуруучулардын маалыматына караганда, иш-чарага 50 миңден ашуун адам катыша алат. Финалдык беттешти көрүү үчүн жалпысынан 52 600 билет таратылат. Анын бир бөлүгү кайрымдуулук уюмдарына жана ыктыярчыларга берилсе, калган билет ээлери атайын лотерея аркылуу аныкталат.
Долбоорду тааныштыруу аземине белгилүү футбол жылдыздары — George Weah, Roberto Baggio жана Christian Vieri катышты.
Уюштуруучулар бул иш-чара дүйнө чемпионатынын атмосферасын билет сатып алууга мүмкүнчүлүгү жок күйөрмандарга да жеткирүүгө жардам берерин белгилешти.