
Ырсалиевдин айтымында, соттук коллегия биринчи инстанциядагы соттун чечимин жокко чыгарып, аны күнөөсүз деп тапкан.
Эске салсак, 2025-жылдын июль айында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Жамалбек Ырсалиевге карата кылмыш иши козголгонун билдирген. Тергөө аны Бишкектеги «Тунгуч» кичи районундагы муниципалдык жер тилкесин мыйзамсыз пайдаланууга байланыштырган.
Кармалгандан кийин сот ага өлкөдөн чыкпоо тууралуу тилкат түрүндөгү бөгөт чарасын тандаган.
Учурда Бишкек шаардык сотунун чечиминин толук жүйөлөрү жана негиздемеси жарыялана элек.