
Башкы прокуратуранын алдындагы Сот аткаруучулар кызматы Бишкектеги "Тюбетейка" ресторанына байланыштуу жагдай боюнча түшүндүрмө берди.
Мекеменин маалыматына ылайык, Бишкектин Биринчи май райондук соту быйыл 4-февралда «CH» ишканасына таандык имаратты бошотуу тууралуу чечим чыгарган. Анын негизинде жоопкер тарапка сот чечимин ыктыярдуу аткаруу сунушталган.
Бирок талаптар аткарылбагандыктан, имаратты бошотуу аракеттери 4-июнга белгиленген. Сот аткаруучулар билдиргендей, сот чечимин аткаруу маалында тоскоолдуктар жаралып, иш күбөлөрдүн жана милиция кызматкерлеринин катышуусунда жүргүзүлгөн.
Мекеме бардык аракеттер мыйзам чегинде жана күчүнө кирген сот чечимин аткарууну камсыздоо максатында жүргүзүлгөнүн белгиледи.
Эске салсак, 4-июнда социалдык тармактарда Бишкектеги "Тюбетейка" ресторанын имараттан күчтөп чыгаруу аракети жүрүп жатканы тууралуу маалыматтар тарап, айрымдар муну рейдерлик катары баалашкан.