
2026-жылдын 4-июнунда, Бишкек шаарындагы «Old Bishkek» комплексинде кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнүн башында турган көрүнүктүү инсандарга арналган заманбап "Негиздөөчү аталар" панносунун салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Бишкекте кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө салым кошкон көрүнүктүү инсандарга арналган "Негиздөөчү аталар" панносунун ачылыш аземи өттү.
Иш-чарага мамлекеттик катчы Арслан Койчиев, Кыргыз Республикасынын Баатыры Медеткан Шеримкулов, Бишкек мэриясынын өкүлдөрү жана коомдук ишмерлер катышты.
Аземден кийин коноктор үчүн "Өчпөсүн өлкө өзөгү" китебинин бет ачары уюштурулуп, тарыхчы Зайнидин Курманов баяндама жасады. Ошондой эле "Негиздөөчү аталар" даректүү тасмасы көрсөтүлдү.
Долбоор тарыхый аң-сезимди бекемдөөгө жана өлкөнүн калыптанышына эмгек сиңирген инсандардын элесин даңазалоого багытталган.