
Бүгүн, 5-июнда, Бишкек – Балыкчы пляж – Бишкек багыты боюнча №608/609 жүргүнчү поезди жайкы туристтик сезондун алкагында кайрадан каттай баштады. Поезд Бишкек-2 темир жол бекетинен саат 08:06да жолго чыгып, саат 12:37де Балыкчы шаарына жетип, жүргүнчүлөрдү Ысык-Көлдүн жээгине жеткирди.
Сезондун ачылышына карата Бишкек-2 темир жол бекетинде «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасы жүргүнчүлөр үчүн майрамдык иш-чара уюштурду. Ал эми Балыкчы шаарынын мэриясы поезд менен келген конокторду салтанаттуу тосуп алды.
Дагы бир жагымдуу жаңылык – Бишкек – Балыкчы поездинин курамына ыңгайлуулугу жогору болгон эки кошумча модернизацияланган вагон кошулду. Натыйжада бүгүнкү каттамдын курамы жалпысынан 14 вагондон түзүлдү. Алардын ичинен 6сы облус аралык стандарттуу вагон болсо, 8и заманбап талаптарга ылайык жаңыланган, жогорку деңгээлдеги ыңгайлуулукту камсыз кылган вагондор болуп саналат.
Жүргүнчүлөрдүн саны көбөйгөн учурда поезддин курамына кошумча облус аралык вагондор тиркелет.
Бишкек – Балыкчы жүргүнчү поездинин графиги:
• 2026-жылдын 5-июнунан 21-июнуна чейин – жума, ишемби жана жекшемби күндөрү;
• 2026-жылдын 26-июнунан 13-сентябрына чейин – күн сайын каттайт.
Бишкек – Балыкчы жүргүнчү поезди Ысык-Көлгө эс алууга багыт алган жарандар жана чет өлкөлүк коноктор үчүн ыңгайлуу, коопсуз жана жеткиликтүү транспорттук кызмат көрсөтүүнү мындан ары да камсыз кылат.