
Балыкчы – Нарын – Торугарт унаа жолунун 445-544-чакырым аралыгына түн ичинде кар жаап, кардын калыңдыгы айрым жерлерде 25-35 сантиметрге жетти.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, учурда жолду кардан тазалоо иштерине атайын техникалар тартылып, жолчулар күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.
Министрлик тоолуу аймактарда аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу айдоочуларды этият болууга, ылдамдык режимин сактоого жана жолдогу коопсуз аралыкты кармоого чакырды.