
Судьяларга пара берүү шылтоосу менен акча талап кылган жактоочу кармалды
Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген эки жаранды кармады.
Атайын кызматтын маалыматына ылайык, 4-июнда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө К.Н.Б. жана К.Д.Д. кармалып, алардан мыйзамсыз алынган акча каражаттарынын бир бөлүгү катары 100 миң АКШ доллары табылып, алынган.
Ошондой эле бул факт боюнча Кыргызстандын Башкы прокуратурасы жактоочу К.Д.Д.га карата өзүнчө кылмыш ишин козгогон.
Тергөөнүн версиясына ылайык, шектүүлөр сот органдарынын чечимине таасир этүү үчүн судьяларга пара берүү шылтоосу менен ири суммадагы акча каражатын алып, алдамчылыкка барган деп шектелүүдө.
Кармалгандар УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары уланууда.