
Сүлүктүдөгү шахтада эки кенчи газга ууланып каза болду
Окуя болгон жерге куткаруучулар барып, газга ууланган эки кенчини сыртка чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Бирок дарыгерлер алардын каза болгонун аныкташкан.
Каза болгондор — Сүлүктү шаарынын 23 жана 63 жаштагы тургундары.
Ушуну менен Баткенде марттан бери шахталарда беш киши каза болгону кошумчаланды.