
Бишкекте ШКУнун алкагында 90 компания катышкан өнөр жай көргөзмөсү өтүүдө
Бишкектеги "Жаштык Аренада" Ala-Too Trade & Industry Expo 2026 эл аралык көргөзмөсү өтүп жатат. Иш-чарага 90 компания катышып, лифттерди, электр транспортун жана башка заманбап өнөр жай продукцияларын сунуштоодо.
Көргөзмөнүн жүрүшүндө Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бир катар компаниялардын өкүлдөрү менен жолугуп, өнөр жай, энергетика, курулуш, транспорт жана жогорку технологиялар тармагындагы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады.
Уюштуруучулардын маалыматына караганда, көргөзмө бизнес өкүлдөрү, мамлекеттик органдар жана инвесторлор үчүн байланыш түзүүгө шарт түзгөн маанилүү аянтча болуп саналат. Учурда иш-чарага 3 миңге жакын катышуучу жана конок катталган. Көргөзмө 6-июнга чейин уланат.